SerepTV Logo

"Дүкөндүн кароолчусуна кол салган". Москвада кыргыз жараны он жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн

"Дүкөндүн кароолчусуна кол салган". Москвада кыргыз жараны он жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн
Кыргыз жараны Москва облусунун Ленин шаардык районундагы соода борборлорунун бириндеги күзөтчүнү бычак менен сайган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Орусиянын ММКлары жазып чыгышты. 30-мартта нөөмөттө турган полицияга Москва айланма жолунун 24-чакырымында жайгашкан гипермаркетте бычакташуу менен чыр чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жана дарыгерлер жөнөп кетишкен. Андагы чырда жабыркаган күзөтчү ооруканага жаткырылган. Ошондой эле ыкчам иликтөө кызматкерлери чыр 29 жаштагы күзөтчү менен 20 жаштагы кыргыз жаранынын ортосундагы болгонун аныкташкан. Учурда бул факты Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси "Ден-соолукка атайылап оор залал келтирүү" боюнча реестерине катталып, кылмыш иши козголду. "Чыр-чатактын маңызы азырынча так аныктала элек. Күзөтчү Орел облусунун Малоархангельский районунан болот. Ал расмий түрдө иштеп жатат. Кыргыз жараны Орусиянын аймагында иштөөгө уруксаты жана каттоосу жок жүрөт", - деп билдиришти укук коргоо органдарынын кызматкерлери. Кылмышка шектүү кыргыз жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Unknown Author