SerepTV Logo

"Дордойдо" банктын имаратынан чыккан өрт өчүрүлдү

"Дордойдо" банктын имаратынан чыккан өрт өчүрүлдү
Бишкектин "Дордой" базарындагы "Кыргызстан" банкында чыккан өрт саат 11:34тө толугу менен өчүрүлдү.
Маалым болгондой, бүгүн, 10-июнда "Кыргызстан" банкынан өрт чыгып, өрттү өчүрүүгө ӨКМден саат 09:55те жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.