SerepTV Logo

"Дордой моторс" базарында өрт чыкты

"Дордой моторс" базарында өрт чыкты
Бишкек шаарына караштуу Дэн Сяопин көчөсүндө жайгашкан "Дордой Моторс" базарында контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө саат 23:16да Ленин райондук №6 өрткө каршы бөлүктөн 1 күжүрмөн эсеп, саат 23:21де 1 , саат 23:25те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1, жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды. Тилсиз жоо саат 23:59да чектөөгө алынды, өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.