"Дордой" базарындагы өрттөн 42 соода түйүнү, 9 күркө жарактан чыкты
Өзгөчө кырдаал министрлиги "Дордой" базарынан чыккан өрттүн кесепетинен жабыркаган соода түйүндөрүнүн санын эсептеп чыкты.
Кечээ, 5-июлда "Дордой" базарында жайгашкан кытай катарында металлдан жасалган 42 соода түйүнү (контейнер), тез тамактануучу, шаурма жана суусундук саткан 9 күркө (павильон) күйгөн. Өрттөнгөн соода түйүндөрүндө кийим-кече сатылчу. Ал эми тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен 2 адам түтүнгө ууланган. Алар №4 шаардык ооруканага жеткирилген.