SerepTV Logo

"Дордой" базарындагы өрттөн 3 адам жабыркады (сүрөт, видео)

"Дордой" базарындагы өрттөн 3 адам жабыркады (сүрөт, видео)

"Дордой" базарындагы өрттөн 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, "Дордой" базарынын контейнерлеринен чыккан өрт саат 14:18де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1 миң чарчы метрди түздү. Тилсиз жоонун кесепетинен 3 адам жабыркаган.

Түтүнгө уулангандардын бири – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкери.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="123827,123828"]