"Дордой" базарындагы май токоч сатуучу күркөдөн өрт чыкты
Бишкектин "ДОсОО-Форт" базарынын маңдайында муниципалдык аймакта жайгашкан май токоч сатуучу күркөдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:09дан тарта 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 13:45те чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Алдын ала маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты 70 чарчы метрди түзөт.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="211110,211112,211111,211113"]