SerepTV Logo

"Доосу 1 миллион сом". Жалал-Абадда кызыл китепке кирген аюу өлтүрүлдү

"Доосу 1 миллион сом". Жалал-Абадда кызыл китепке кирген аюу өлтүрүлдү
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылынын жайлоосунан жаңы союлган аюунун терисин баштыгына салып алып, көтөрүп келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Турат Сатимбаев билдирди. Анын айтымында, Кызыл-Үңкүр айылынын 1971-жылы туулган тургуну Э.Ж. аталган департаменттин өкүлдөрү тарабынан кармалган. «Бул факт Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Өкмөттүн №224 токтомуна ылайык, бир баш аюунун доосу 1 000 000 сомду түзөт. Күрөң аюу Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген», - деп билдирди ал. Жалал-Абад облусунда күздөгү жыл санак боюнча жалпы 234 аюу бар.
edita