"Дөө Чыңгызды" кармоо операциясынын видеосу тарады (видео)
Социалдык тармактарга "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоо операциясынын видеосу тарады.
Видеодон атайын даярдыктагы аскерлер кара түстүү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаага чуркап келишкенде крим төбөл отурган унаа жүрүп кеткенин көрүүгө болот.
Кечээ, 8-июль күнү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун унаасы белгисиз жарандар тарабынан аткыланганы айтылган.