"Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөлгө карата Жогорку Сот өкүм чыгарды
Жогорку Сот «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду 5 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, сотто эки инстанциянын өкүмдөрү күчүндө калтырылып, жактоочунун кассациялык даттануусу канааттандырылган эмес.
2020-жылдын июнь айында Биринчи май райондук соту Жумагуловду күнөөлүү деп таап, «бейбаштык» беренеси боюнча эркинен ажыратуу чечимин чыгарган болчу. Анда мамлекеттик айыптоочу Жумагуловду “ден соолукка оор залал келтирүү жана автотранспорт каражатын уурдап качуу” беренелери боюнча күнөөлүү деп табууну өтүнүп, 200 миң сом айып төлөөгө жана 15 жылга эркинен ажыратуу жазасын сунуштаган. Бирок сот Жумагуловго карата «ээнбаштык» беренеси боюнча эле чечим чыгарган.
Чыңгыз Жумагулов 2019-жылы апрелде башка адамдар менен бирге эки адамды аёосуз сабоого шектелип кармалган. Кийин жабыркаган эки адам алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Жабыркагандар менен кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экени кийин тергөөдө маалым болгон.
Ошондой эле мурда да бул кримтөбөл «адам өлтүрүү аракетин уюштуруу» беренеси менен 18 жылга кесилген. Бирок 2018-жылы сот аны тийиштүү мөөнөттөн мурда бошоткон болчу.