Долон ашуусунда жол тоңголок болуп, 2 унаа калып калган
Бүгүн, 3-октябрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда жаап өткөн кар аралаш жамгыр жана аба температурасынын төмөндөгөндүгүнө байланыштуу жол тоңголок болуп, 2 жеңил унаа калып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="76009,76010,76011"]
Министрликке караштуу Нарын облусу боюнча башкармалыктын ыкчам тобу саат 7ге келип, жол тейлөө мекемеси менен биргеликте жардам көргөзүү иштерин жүргүздү. Жолго кум-шагыл себүү иштери жол тейлөө мекемесинин күч-каражаттары тарабынан аткарылды. Мындан сырткары чоң жүк ташуучу унааларын ашуудан чыгаруу иш-чаралары аткарылууда. Учурда жол ачык, тыгындар жок.