"Дагы качмак болгон". Депутат Эмил Жамгырчиевдин камакка алынышы боюнча УКМК маалымат берди
Кечээ, 24-январда Биринчи Май райондук сотунда Ак Үйдөн качкан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасы каралып, 26-февралга чейин камакта калтырылган.
УКМК депутаттын камакка алынышы боюнча маалымат берди. "Депутат Эмил Жамгырчиев Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынды. Буга чейин 26-декабрда башкы прокурор тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында, криминалдык авторитет - Өзбек жараны Салимбай Абдувалиевдин колдоосуна ээ болуу максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. 2022-жылдын декабрь айында Ташкентке мыйзамсыз чыгып кеткен. Учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, башкы прокурор аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча өлкөнүн парламентине сунуш киргизген. Ошол эле учурда, 9-январда Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселесин кароо боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшүндө тергөө амалдарына катышуудан качып, терезеден секирип кеткен. 10-январда өлкөнүн парламенти аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. УКМКнын төрагасы Ташиев Жамгырчиевдин Ташкенттеги криминалдык авторитет Абдувалиевге жазган каты менен таанышып, аны кармоонун зарылчылыгы жоктугун билдирген. Бирок Жамгырчиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө акыркы стадияда болгондуктан, ал дагы кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында коңшу республикалардын бирине мыйзамсыз барып, жашырынууну чечкен. Тергөө иштери жүрүп, бул боюнча Мамлекеттик комитетке тиешелүү ыкчам маалымат келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.