Депутат Асылбек Жээнбеков 31-июлга дейре УКМКнын СИЗОсуна киргизилди
Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
"Асылбек Жээнбековго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 31-июлга чейин тандалды жана ал УКМКнын тергөө изоляторуна деп белгиленди", - деп айтылат маалыматта.