SerepTV Logo

Депутат Акбөкөн Таштанбеков үй камагына чыгарылды

Депутат Акбөкөн Таштанбеков үй камагына чыгарылды
Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековдун кылмыш иши сотко өттү. Ал Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралат. Кечээ, 10-январда анын бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу эл өкүлүнүн жактоочусу журналисттерге билдирди. Акбөкөн Таштанбеков №30 Ысык-Ата округунан депутат болуп шайланып, 31-декабрда ага депутаттык күбөлүгү менен төш белгиси тапшырылган. Ал 6-декабрда улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип, камакка алынган болчу.