SerepTV Logo

"Дене тарбия мугалими окуучуларына мал уурдаткан". Кылмышка шектүүлөр кармалды

"Дене тарбия мугалими окуучуларына мал уурдаткан". Кылмышка шектүүлөр кармалды
Ысык-Көлдө дене тарбия мугалими чоң класстын окуучуларына мал уурдатып, сатканга шектелүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБисинен билдиришти. 6-июнь күнү Ак-Суу РИИБисине киши малын уурдоого аракет кылгандар болгонун айтып кайрылган. Анын айтымында, 6-июнга караган түнү сырттан үндөр угулганынан чыгып, белгисиз бирөөлөрдүн короосундагы койду чыгарып баратканын көрүп кыйкырып жиберген. Белгисиз адамдар койду таштаган боюнча качып кетишкен. Буга чейин анын 4 кою жоголгонун айтып арыз менен кайрылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөөнүн жыйынтыгында малды уурдоого шектелип Отрадное айылынан 17, 18, 25 жаштагы 7 адам кармалган. Сурак учурунда алар айылдаштарынын 15 кой жана 3 жарым тонна жүгөрү уурдаганын айтышкан. Маалыматка ылайык, 25 жаштагы дене тарбия мугалими план түзүп, чоң класстын балдарын кылмыш ишин аткарууга түрткөн. Ошондой эле уурдалган малды сатып алган 24 жаштагы жаран болуп чыккан. Анын үйүнөн уурдалган 3 мал аныкталган, калган 12син Каракол шаарындагы мал базарга саткан.