"Дарыларды мыйзамсыз эсептен чыгарып, кайра оорулууларга сатышкан". Улуттук онкология борборундагы коррупциялык схеманы УКМК аныктады
УКМК саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлери тарабынан онкологиялык оорулуулар үчүн дары-дармектерди мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.
"Тергөөнүн жүрүшүндө Улуттук онкология жана гематология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы А.Т., аталган бөлүмдүн дарыгери А.Х. жана улук медайым К.А. дары-дармек каражаттарынын көлөмүн системалуу түрдө эсептен чыгарып, андан кийин жеке тартипте онкологиялык оорулар менен ооруган адамдарга мыйзамсыз сатылган", - деп жазылат маалыматта.
Учурда А.Т., А.Х. жана К.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="272932,272933,272931,272929,272926,272927,272928,272930"]