Даниель Ажиев 29-июлга чейин камакта калтырылды
Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиевдин бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден билдиришкендей, анын бөгөт чарасы кечээ каралып, 29-июлга чейин камакта калтырылган. Даниель Ажиев кечээ, 5-июнда УКМК тарабынан Өзбекстандын аймагында кармалган. Ал БАЭге учуп кетүүгө аракет кылган.