Дайынсыз болуп, изделип жаткан Роман Крячконун жансыз денеси каналдан табылды
Дайынсыз болуп жаткан Роман Крячконун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-май күнү болжол менен саат 12:11де милицияга белгисиз адамдын сөөгү Чоң Чүй каналынын боюнда сүзүп бараткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. «Жарандын болжолдуу жаш курагы жеринде аныкталды. Факты каттоого алынып, керектүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө сөөктү апасы тааныган", - деп айтылат маалыматта.
Роман Крячко 11-майда саат 14:00 чамасында Восток айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.