SerepTV Logo

"Дайыма чогуу жүргөн курбулар эле". Ошто каза болгон 3 студент кызды группалашы эскерди

"Дайыма чогуу жүргөн курбулар эле". Ошто каза болгон 3 студент кызды группалашы эскерди
Ош — Сары-Таш — Иркештам жолунун 20-чакырымында жол кырсыгы катталып, 3 студент кыз каза болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан маалыматты тастыкташып, Хонда Фит менен жүк ташуучу унаа сүзүшкөнүн, жеңил унаадагы 3 кыз каза болгонун билдиришкен. Кыздардын курсташ болгону да маалым болгон. Унаадагы 2 өспүрүм жана 1 кыз аман калган. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ОшМУ менен байланышканыбызда, кыздар Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттери болгонун билдиришти. "Бир кыз Кара-Кулжа, бирөөсү Алай, дагы бирөөсү Жапалакта турчу. Каза болгон кыздардын бирөө кечээ жерге берилди. Ал эми экөө бүгүн жерге берилет", - дешти. Редакция алардын группалашы менен байланышканыбызда, маркум кыздардын курбулар экенин айтты. "2002-2003-жылы туулган кыздар. Дайыма чогуу жүргөн курбулар болчу. Каза болгондордун экөө Кара-Кулжадан, бирөөсү Алайдан. Аман калган кыз да алардын курбусу. Биз балалыгыбыздан бери бири-бирибизди жакшы таанычубуз. Алардын биринин эки бир тууганы бар, жалгыз кыз эле. Дагы бири үй-бүлөдө кичүүсү болсо, дагы бири улуусу болчу", - деди ал.