SerepTV Logo

Дагы... Түптө 13 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды

Дагы... Түптө 13 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды
Кечээ, 26-февралда Түп РИИБге Түп айылынын 2012-жылы туулган өспүрүм тургуну өз үйүнүн сарайынан муунуп алгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Окуя РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Милиция окуя болгон жерге барып, 13 жаштагы өспүрүм 26-февраль күнү саат 13:00 чамасында мал сарайында асынып каза болгону аныкталган. Маркумдун жансыз денесин кароо учурунда мойнундагы асынган жиптин изинен башка жаракаттар аныкталган эмес. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда.