Дааратканага ташталган ымыркайдын энеси табылды. Ал Токтогулга курбусунукуна барган
Жалал-Абадда дааратканага ташталган ымыркайдын энеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну 7-август күнү Токтогул шаарына барган. Анын курбусу ымыркайдын дааратканада ыйлап жатканын көргөн А.Саткынбаевдин кызы болгондуктан, 10-август күнү дал ошол үйгө бир күн конууга барган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин натыйжасында Бишкек шаарынын 2003-жылы туулган тургуну 7-август күнү Токтогул шаарына келгендиги, окуя болгон жердеги үйдүн ээси А.Саткынбаевдин кызынын курбусу болгондуктан "бир күн жатып кетейин" деп 10-август күнү келип, 11-август күнү төрөп дааратканага таштап койгондугу аныкталган",- деп айтылат маалыматта.