SerepTV Logo

Бишкекте мектептин дааратканасында окуучу кыздар мушташты. Кыздардын бири буга чейин бакта окуучуну сабаган (видео)

Бишкекте мектептин дааратканасында окуучу кыздар мушташты. Кыздардын бири буга чейин бакта окуучуну сабаган (видео)
Кечээ, 28-апрелде социалдык тармакта дааратканада эки кыз мушташып жаткандагы видео тараган. Милиция окуя боюнча маалымат берди. Маалыматка караганда, 28-апрелде Октябрь РИИБге шаардын тургуну кайрылып, 25-апрель күнү мектептердин бириндеги дааратканада анын 2011-жылы туулган кызын сабаган окуучуга чара көрүүнү суранган. Аталган факты Октябрь РИИБге каттоого алынып, экспертиза жүргүзүлгөн. Окуяга тешеси бар жарандар көрсөтмө беришти. Кыздын апасына 3 миң сом айып салынды. Буга чейин да бир видео тараган. Анда кызды сабап жатканы тартылган. Милиция №56 мектептин директору жана башкы мугалими жазага тартылып, кыздын апасына 1000 сом айып салынганын кабарлаган. Ал 6 айга профилактикалык эсепке алынып, эки жумалык онлайн окутууга которулган, үй-бүлө менен жекече иштөө программасы түзүлгөн.