SerepTV Logo

Чүйдүн Москва районунда өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Чүйдүн Москва районунда өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелген аял кармалды
Чүйдүн Москва районунда өз таанышын өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдириштди. Маалыматка ылайык, 21-март күнү саат 16:30 чамасында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгышып, айтылган үйдөн 1969-жылы туулган жарандын киши колдуу болгон жансыз денеси табылган (бычактан жаракат алган). Аталган факты каттоого алынып, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган аял киши кармалды. "Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка шектүү деп кармалган адам менен маркум экөөнүн ортосундагы мас абалда чыр-чатактан келип чыкканы маалым болгон", - деп айтылат маалыматта. Учурда шектүү Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.
Unknown Author