SerepTV Logo

Чүйдүн эки тургуну уруша кетип, бычак шилтенген. 28 жаштагы жигит ооруканада

Чүйдүн эки тургуну уруша кетип, бычак шилтенген. 28 жаштагы жигит ооруканада
Жайыл районунда денеге оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 2-майда Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган жаран түшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам тергөө тобу барып, ал адамдын аты-жөнүн тактап, 1994-жылы туулган жаран экени аныкталган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жигит кармалып, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка эркектердин ортосундагы чыр-чатак себеп болгон. Учурда бардык зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.