SerepTV Logo

Чүйдөгү турак үйдөн өрт чыгып, 39 жаштагы киши күйүк алды

Чүйдөгү турак үйдөн өрт чыгып, 39 жаштагы киши күйүк алды

Кечээ, 6-июнда Сокулук районунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Нур-Заман көчөсүндө турак үйдүн 35 чарчы метри, чатыры жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1982-жылы туулган эркек киши күйүк алган. Учурда абалы туруктуу.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

edita