SerepTV Logo

Чүйдөгү темир жолдо 16 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Чүйдөгү темир жолдо 16 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды
Чүйдө 2006-жылы туулган өспүрүмдүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 29-апрелде Сокулук РИИБге Военно-Антоновка айылында жайгашкан темир жолдо жашы жете элек өспүрүмдүн жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барып, анын 2006-жылы туулган өспүрүм экенин аныкташкан. Аталган факт каттоого алынып, экспертиза дайындалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.