SerepTV Logo

Чүйдөгү таштанды таштоочу жайда өрт чыгып, 1 гектардагы таштанды өрттөндү

Чүйдөгү таштанды таштоочу жайда өрт чыгып, 1 гектардагы таштанды өрттөндү

Чүйдө 1 гектар аянттагы таштанды өрттөнгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 11-июль күнү Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылы менен Ленин айылынын ортосунда жайгашкан таштанды таштоочу жайда өрт чыккандыгы маалымдалган. Жерине саат 15:11де Аламүдүн райондук №1 Өрткө каршы куткаруу кызматынан 1 бир бөлүм, 1 суу ташуучу унаа тартылган.

Тилсиз жоо саат 15:56да чектөөгө алынып, толугу менен саат 17:00дө өчүрүлгөн. Такталган маалыматка ылайык, таштанды таштоочу жайдын 1 гектр аянты күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу такталууда.