SerepTV Logo

Чүйдөгү өрттөн 59 жаштагы киши көз жумду

Чүйдөгү өрттөн 59 жаштагы киши көз жумду

Чүй облусунун Москва районунда 59 жаштагы эркек киши өрттөн каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, Спартак айылындагы үйдүн 16 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Анын кесепетинен 59 жаштагы эркек киши каза болгон. Эркектин сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген. Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат.