Чүйдөгү мейманканадан сойкукана аныкталды. Анда 8 кыз иштеп жүргөн
Чүйдө сойкукана аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда облус аймагында рейддик иш-чаралар жүрүп жатат. Анын алкагында "Ордо" мейманканасынын ичинен сойкукана аныкталган. Андагы кыздар акчага интимдик кызмат көрсөтүп жүрүшкөн.
Аталган жайдын администратору 1961-жылы туулган аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сойкуканада 8 кыз иштей турганы аныкталып, милицияга жеткирилген. Тергөө уланууда.