SerepTV Logo

Чүйдөгү жол кырсыктан 7 адам жаракат алып, 1 адам көз жумду (сүрөт)

Чүйдөгү жол кырсыктан 7 адам жаракат алып, 1 адам көз жумду (сүрөт)

Чүйдө эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 1 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 8-июнь күнү саат 02:30да Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында катталган. Анда Тойота Прадо менен Митсубиси Галант үлгүлөрүндөгү жеңил унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Митсубиси Галант унаасынан болжол менен 40-45 жаш чамасындагы эркек киши каза болуп, 4 адам жаракат алган, ал эми Тойота Прадо унаасынан 3 адам ар кандай жаракат алышкан.

"Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамды унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган адамдар тез жардам кызматы аркылуу Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген",- деп айтылат маалыматта.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="52768,52769,52770"]
edita