SerepTV Logo

Чүйдөгү жол кырсыкта эркек киши унаага кыпчылып калган

Чүйдөгү жол кырсыкта эркек киши унаага кыпчылып калган

Чүйдө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

14-апрель күнү Ысык-Ата районунун Киргшелк айылынын Ленин көчөсүндө Mercedes-Benz Sprinter жана BMW үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, BMW үлгүсүндөгү унаанын ичинде кыпчылып калган эркек кишини чыгарышып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.