SerepTV Logo

Чүйдөгү жол кырсык 19 жаштагы жигиттин өмүрүн алды

Чүйдөгү жол кырсык 19 жаштагы жигиттин өмүрүн алды
Чүйдө жол кырсыгы катталып, 19 жаштагы жигит көз жумду. Бул тууралуу жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти. Саат 07:40 чамасында 2003-жылы туулган жигит Хонда Фит унаасы менен Бишкек - Ала-Арча унаа жолунда чоң ылдамдыкта бара жатып, рулга ээ боло албай, жол четиндеги даракка урунган. Унаа оодарылып калган. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу ошол жерде жан берген.