Чүйдөгү жол кырсык. 18 жаштагы жигит ооруканада көз жумду
Чүйдүн Москва районунун Садовая айылындагы жол кырсыктан 18 жаштагы жигит ооруканадан көз жумду. Маалыматты журналисттерге Москва аймактык ооруканасынын жетекчиси Болот Шеримбаев тастыктады.
Кечээ, 10-июль күнү аталган айылда жол оңдогон техника менен Mercedes-Benz Vito үлгүсүндөгү автоунаа кагышып, кырсыктан сегиз киши жабыркаганы маалымдалган. Аларды Тез жардам кызматы алып кеткен. Дарыгердин айтымында, жабыркаган сегиз кишинин ичинен 18 жаштагы жигит ооруканага жеткирилгенден кийин эки саатка жетпей үзүлгөн. Калган жетөө учурда ооруканада, анын ичинен бир жүргүнчү жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды.