SerepTV Logo

"Беш адам жабыркаган". ӨКМ Суусамырдагы жол кырсыгы боюнча тактоо киргизди

"Беш адам жабыркаган". ӨКМ Суусамырдагы жол кырсыгы боюнча тактоо киргизди
Кечээ, 29-мартта болгон Суусамырдагы жол кырсыгы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тактоо киргизди. Мекеменин маалыматына ылайык, 29-март күнү саат 12:46 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында Камаз-Вахтовка үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул жол кырсыктын кесепетинен улам 40 жаштагы аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алган. Кырсык болгон жерге куткаруучулар жана "Тез жардам" кызматы тартылган. Жабыркаган жарандар ооруканага барып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушууда. Ошондой эле куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып беришкени маалым болду.
Unknown Author