Чүйдөгү жатак мектептен качып кеткен 3 өспүрүм беш күндөн кийин Бишкектен табылды
Милиция кызматкерлери Чүй облусунун аймагында жайгашкан жатак мектептин жоголгон жашы жете элек балдарын табышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-июнда Чүй ОИИБге жатак мектептин кызматкери кайрылып, алардын жашы жете элек 3 тарбиялануучусу ошол эле күнү саат 02:00дө качып кетишкенин айткан. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери жүрө баштаган. 25-июнга караган түнү милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган жашы жете элек балдар Бишкек шаарынан табылган. Жашы жете элек балдар интернаттын өкүлдөрүнө өткөрүп берилди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="59080,59081"]