SerepTV Logo

Чүйдө апасы наристеси менен сууга агып кеткен. Келиндин жансыз денеси табылды

Чүйдө апасы наристеси менен сууга агып кеткен. Келиндин жансыз денеси табылды
Чүйдөгү эс алуучу жайда апасы наристеси менен сууга агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда наристе апасы менен сууга түшүп кеткен. Кырсык катталган суу жээгине издөө иштерине Аламүдүн районунан 3 куткаруучу, Сокулук районунан 5 куткаруучу, жардамга 161 кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Издөөнүн натыйжасында, куткаруучулар тарабынан аял кишинин сөөгү табылган. Ал эми наристе кызды издөө иштери кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Издөө иштери эртең, 19-июлда улантылат.