SerepTV Logo

Чүйдөгү дарыянын жанынан жаш кыздын жансыз денеси табылды

Чүйдөгү дарыянын жанынан жаш кыздын жансыз денеси табылды
Чүйдө жаш кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти. 2-майда милицияга Чүй айылында кыздын жансыз денеси табылгандыгы боюнча билдирүү түшкөн. Жашы болжолдуу 20-25 жаштарда, европа түспөлүндөгү кыз. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, жансыз денени жергиликтүү тургундар дарыянын жанынан табышканы белгилүү болгон. Бул факты райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынган. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн керектүү экспертизалар дайындалып, анын өздүгү такталууда. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.