SerepTV Logo

Чүйдөгү Чу дарыясында аял кишинин жансыз денеси калкып калган

Чүйдөгү Чу дарыясында аял кишинин жансыз денеси калкып калган

Чу дарыясынан жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 8-июлда болжол менен саат 19:55 чамасында "102" кызматына Кемин районунун Жел-Арык айылында, Чу дарыясынын жээгинде аялдын жансыз денеси калкып калкандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Кемин райондук №5 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, аялдын жансыз денесин суудан чыгарышып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.