SerepTV Logo

Чүйдөгү Байгелди тоосунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Чүйдөгү Байгелди тоосунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Чүйдөгү Байгелди тоосунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 27-сентябрга караган түнү Аламүдүн районуна караштуу Байгелди айылында тоонун боорунда куураган чөптөн чыккан өрт саат 13:15те чектөөгө алынып, толугу менен саат 15:15те өчүрүлгөн. "Жеринде ӨКМдин 85 куткаруучусу иш алып барды. Куткаруучулар кол шаймандары аркылуу өрттү өчүрүштү. Жалпы өрттүн аянты 300 гектар куураган чөп күйдү, өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда", - деп айтылат маалыматта.