Чүйдөгү 41-көлмөдөн 41 жаштагы кишинин сөөгү табылды
Кечээ, 28-июнда Озерное айылындагы 41-көлмөгө 1980-жылы туулган жаран чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.