SerepTV Logo

Чүйдө үйгө кирип, ээсин сабап, телефонун тартып кеткен шектүүлөр кармалды

Чүйдө үйгө кирип, ээсин сабап, телефонун тартып кеткен шектүүлөр кармалды

Чүйдүн Панфилов районунда каракчылыкка шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-январда милицияга жаран кайрылып, 8-январга караган түнү Кайыңды айылында жайгашкан үйүнө кирип, аны уруп, телефонун тартып кеткендерге чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 2005, 2006, 2007 жана 2006-жылы туулган жигиттер кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="269788,269789,269790,269791"]
edita