SerepTV Logo

Чүйдө үйдөн өрт чыгып, 65 жаштагы эркек киши каза болду

Чүйдө үйдөн өрт чыгып, 65 жаштагы эркек киши каза болду
Чүйдө үйдөн өрт чыгып, 65 жаштагы эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты. Бүгүн, 4-апрелге караган түнү саат 04:14 чамасында Москва районунун Садовое айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Жалын саат 04:50дө чектөөгө алынып, толук 05:35те өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы эркек киши каза болгон. Жалпы 12 чарчы метрлик от жагуучу бөлмөсү күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.