SerepTV Logo

Чүйдө үйдөн чыккан өрт 85 жаштагы карыянын өмүрүн алды

Чүйдө үйдөн чыккан өрт 85 жаштагы карыянын өмүрүн алды

Чүйдө өрт кырсыгынан бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын Школьный көчөсүндөгү үйдөн чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 09:07де 1 бөлүм тартылып, өрт саат 09:37де чектөөгө алынган толук 09:43тө өчүрүлгөн. "Өрттүн кесепетинен 85 жаштагы эркек киши каза болду. Куткаруучулар жансыз денени чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.