SerepTV Logo

Чүйдө үй-бүлөлүк чырдан улам жаран үйүн өрттөп салган. Анын кесепетинен кошунасынын коногу көз жумду

Чүйдө үй-бүлөлүк чырдан улам жаран үйүн өрттөп салган. Анын кесепетинен кошунасынын коногу көз жумду
15-майда саат 22:48 чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги батирден өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти . Окуя болгон жерде ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобунун кызматкерлери гана эмес, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана медициналык кызматкерлер дагы иштешкен. Алдын ала маалыматтар боюнча, жогоруда аталган батирде жубайлар жашап келишкен, бирок өрт учурунда батирдин ээлери үйдө жок болушкан. Өрттүн кесепетинен батир толугу менен күйүп, өрттүн түтүнү жогорудагы батирлерге көтөрүлүп, натыйжада 57 жаштагы бир батирдин ээси көмүр кычкыл газына ууланып реанимация бөлүмүнө жеткирилип, 40 жаштагы анын коногу ошол жерде каза болгон. Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, Чүй ОИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери жана Жайыл РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан өрт чыккан батирдин ээси кармалып РИИБге алынып келген. Башында үй ээси өрткө тиешеси жоктугун айткан, бирок кийинчерээк өзүнүн үйүн үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өрттөгөнүн мойнуна алган. Бардык жагдайлар такталып жатат. Бул факты Жайыл райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 135-беренеси (шалаакылык менен өлүмгө алып келиши) катталган. Керектүү экспертизалар дайындалды. Адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
edita