SerepTV Logo

Чүйдө ууруга кирген шектүүнү тургундар кармап алышкан

Чүйдө ууруга кирген шектүүнү тургундар кармап алышкан
Ысык-Ата районунда үйгө уурулукка кирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 21-сентябрь күнү интернет булактарында үйүнө ууруга кирген адамды кармап алган видео тараган.Бул факты Ысык-Ата РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу маалыматтын негизинде барып, ал жактан 1993-жылы туулган жаранды ички иштер бөлүмүнө алып барышкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 21-сентябрга караган түнү 1993-жылы тулган жаран Мерседец-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Рухий-Мурас 2 жаңы конушундагы үйлөрдүн биринен электр зымдарын уурдап жаткан жеринен үйдүн ээси тарабынан кармалып, милиция кызматкерлери келгенге чейин кармалып турганы белгилүү болгон. Учурда бул окуя боюнча Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 37-205-беренесинин (уурдоого аракеттенүү) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.