Чүйдө унаадан жарымына чейин чыгып алган жүргүнчү үчүн айдоочу айыпка жыгылды
Буга чейин социалдык тармактарда унаанын үстүнөн жарымына чейин чыгып алган жүргүнчүнүн видеосу тараган. ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы маалымат таратып, айдоочуга айып салынганы билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя Бишкек-Чалдовар унаа жолунда болгон. Айдоочуга 15 миң сомдук протокол түзүлгөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram