SerepTV Logo

Чүйдө унаа уурдоого шектелген 4 жаран кармалды. Арасында 15 жаштагы өспүрүм бар

Чүйдө унаа уурдоого шектелген 4 жаран кармалды. Арасында 15 жаштагы өспүрүм бар
Чүйдө унааларды айдап качууга шектелген 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, алар Жайыл районунун аймагында 3 унааны уурдоого шектелип жатышат. Милицияга июнь айынан бери 3 жаран кайрылып, Кара-Балта шаарынан ВАЗ 2104 жана эки Ауди 100 үлгүсүндөгү унаалар уурдалганын айтып, арыз жазышкан. Аталган фактылар каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган эки жигит, 2004 жана 2007-жылы туулган өспүрүм кармалган. Алар бир унаанын тетиктерин дагы бирөөлөргө сатып салганы аныкталган. Учурда 4 шектүүнүн экөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Дагы экөө үй камагына чыгарылган. Милиция кармалгандардын дагы ушундай фактыларга тиешеси бары же жокпу аныктап жатат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="125989,125990,125991,125992"]