SerepTV Logo

Чүйдө унаа сүзүп кеткен жарандын жакындары изделип жатат. Учурда абалы оор

Чүйдө унаа сүзүп кеткен жарандын жакындары изделип жатат. Учурда абалы оор
Чүйдө унаа сүзүп кеткен жарандын жакындары изделип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 3-ноябрда саат 16:30 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 19-чакырымында ЗИЛ оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болжол менен 30-35 жаштагы жаранды сүзүп кеткен. Жөө жүргүнчү Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда ал комада жатат, абалы оор. Анын аты-жөнүн тактоого мүмкүн болбой жатат. Аталган факты Ысык-Ата РИИБге каттоого алынган. Эгер сүрөттөгү жаранды тааныгандар болсо, 0 312 616 907; 0 3132 5 21 47; 0709 29 00 01 номурларына чалып, байланышсаңыздар болот. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="82144,82145"]