SerepTV Logo

Фэйсбукка билдирүү калтырган жаран улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

Фэйсбукка билдирүү калтырган жаран улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды
Москва районунда улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 3-июнда социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан Фэйсбук социалдык тармагынын колдонуучусунун улут аралык кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү белгилери бар баракчаны аныкташкан. Бул маалыматты тактоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, баракчадагы маалымат боюнча, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында Чүй ОИИБдин кызматкерлери жана Чүй облустук УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте бул колдонуучунун аты-жөнү такталып, ал 1970-жылы туулган жаран экени аныкталган. 27-июнда соттун чечими менен бул жаранга тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ноутбук жана уюлдук телефон алынган. Учурда кылмышка шектүү Москва РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.