SerepTV Logo

Чүйдө туугандары 28 жаштагы жигитти сабап, акчасын тартып кетишкен

Чүйдө туугандары 28 жаштагы жигитти сабап, акчасын тартып кетишкен
Чүйдө каракчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге ооруканалардын бирине дене жаракаттары менен эркек киши жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Ал жерден милицияга 1993-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 29-июнь күнү болжол менен саат 05:30 чамаларында Мраморное айылындагы талаалардын биринен туугандары аны сабап, алардын бири 3500 сом акчасын алып кетип калганын билдирген. Арыздануучу алган жаракатынан улам аймактык ооруканага кайрылган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан окуяга шектүүлөр аныкталып, алардын бири 1993-жылы туулган жаран кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалды.