Чүйдө сууга чөгүп кеткен 2 жаран изделип жатат
Чүй районунда сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-июль күнү Жаңы-Турмуш айылында Чоң Чүй Каналына 20 жаштагы жаран сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, буга чейин издөө иштери жыйынтык бере элек. Мындан тышкары кечээ, 6-июлда Чүй районунун Садовое айылынын 1957-жылы туулган тургуну Чүй каналына чөгүп кеткен. Издөө иштери кеч кирип кеткендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Кайрадан бүгүн, 7-июлда таң эрте Токмок шаардык ӨКБдан 4 куткаруучу, Чүй райондук ӨКБдан 9 куткаруучу, жардамга Ысык-Ата райондук ӨКБдан 6 куткаруучу, Аламүдүн райондук ӨКБдан куткаруучу тартылды. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="188523,188524"]